Жаңылыктар |
КР БШК катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезегин аныктады |
Бүгүн, 2011-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чучукулак өткөрүлдү |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2535). 10 Октября 2011 г. |
Техникалык себептерден улам "Биз таза шайлоо үчүн!" эртенкиге-8 октябрга жылдырылат |
Аталган акциянын программасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана БШКнын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле шайлоо процессинин жаңылыктары боюнча анимациялык роликтер, оюндар көрсөтүлөт |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2096). 7 Октября 2011 г. |
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Султанов Маратты каттоодон чыгарды |
Бүгүн, 2011-жылдын7 октябрында кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Султанов Мараттан түшкөн арыздын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 278 токтому менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Султанов Марат Абдыразаковичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна каттоодон чыгарды |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2285). 7 Октября 2011 г. |
КР БШК айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди |
Бүгүн, 2011 – жылдын 7 – октябрында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү жана анда Боршайкомдун мүчөлөрү “Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоорун карашты. Аталган долбоор каралган соң, бир нече пункттар боюнча өзгөртүүлөр киргизилди жана тийиштүү токтом кабыл алынды |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2322). 7 Октября 2011 г. |
Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана журналисттердин эсине! |
Бүгүн, 2011 – жылдын 6 – октябрында, саат 15 – 00 дө жыйындар залында телеберүү жана радио каналдарында обо убактысын, гезиттик аянттарды акысыз берүүнү бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2179). 6 Октября 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы 4 талапкерди каттады |
Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиянын корутундуларынын, шайлоо күрөөсүн кошкондугун тастыктоочу документтин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен талапкерликке өзүн өзү көрсөткөндөр Колубаев Төрөбайды жана Айтикеев Акбаралыны, ошондой эле “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Турсунбай Бакир уулун жана “ 7-апрель Жаштар кыймылы” партиясы көрсөткөн Тюлеев Нариманды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттады |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1923). 6 Октября 2011 г. |
“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы өтөт |
2011 – жылдын 7 – октябрында Борбордук Ала – Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кылым музасы” продюсерлик борбору менен биргеликте “Биз таза шайлоо үчүн!” акциясын өткөрөт |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2499). 6 Октября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду |
Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо алдында үгүт жүргүзүү боюнча мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге мамлекеттик телерадиоуюмдарынын каналдарында жана басма сөз басылмаларында акысыз эфирдик убакыт берилет |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1972). 6 Октября 2011 г. |
Решение Первомайского районного суда города Бишкек в отношении кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Токтайым Уметалиевой об отмене постановления ЦИК КР №329 от 3 октября 2011 года |
Решение Первомайского районного суда города Бишкек в отношении кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Токтайым Уметалиевой об отмене постановления Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики №329 от 3 октября 2011 года «О проверке подписных листов представленных кандидатами на должность Президента Кыргызской Республики Айтикеевым А.Ы., Арабаевым К., Дыйкановым С.К., Колубаевым Т.К., Сооданбековым У.С., Турсунбай Бакир уулу, Тюлеевым Н.Т., Уметалиевой Т.Дж.» |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1831). 5 Октября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 1 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 1– октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1869). 3 Октября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Билдирүүсү |
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-V токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына–жекшембиге дайындалган |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2704). 3 Октября 2011 г. |
2- октябрда тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү |
Бүгүн, 2011 – жылдын 2- октябрында тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү. Эскерте кетсек, тил боюнча Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында курамы 12 адамдан түзүлгөн. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2683). 2 Октября 2011 г. |
2 октября 2011 года Первомайским районным судом города Бишкек дано разъяснение решения суда от 24 сентября 2011 года |
Даярдалууда |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2288). 2 Октября 2011 г. |
Пресс - релиз |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевге жиберген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карата 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттануу менен кайрылган. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2643). 1 Октября 2011 г. |
Кыргыз эстрада жылдыздарынын алдыдагы “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулат |
БШКнын басма сөз кызматы жогоруда айтылгандарга байланыштуу төмөнкүлөрдү окурмандарга билдирет: Кыргыз эстрада жылдыздарынын “Биз таза шайлоо үчүн” деген алдыдагы акциянын убагындагы концерти “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт. Бул иш-чарада БШКга алдыдагы шайлоо өнөктүгүндөгү жаңылыктар жөнүндө роликтерди көрсөтүүгө жана айтып берүүгө мүмүкүнчүлүк берилет |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1762). 1 Октября 2011 г. |