Жаңылыктар |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти |
Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эркин Булекбаев, Мамбетжунус Абылов, Анарбек Калматов, Омурбек Эгембердиев, Алмазбек Каримов, Замирбек Пирманкуловдун ыйгарыс укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1755). 8 Сентября 2011 г. |
8 – сентябрда Тил боюнча комиссиянын биринчи жыйналышы өттү |
Бүгүн, 2011-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Тил боюнча комиссиясынын биринчи жыйналышы өттү. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (3571). 8 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу |
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2277). 6 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын бекитти |
Бүгүн, 6-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов кезектеги жыйналышында БШКнын мүчөлөрү Жеңишбек Акматовду “Даңк” медалы мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланышы жана Жаркын Бапанованы “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамын алышы менен куттуктады. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1897). 6 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү |
2011 – жылдын 2 – сентябрынан 4 – сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана комиссиялардын резервинде турган адамдар үчүн шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктар боюнча бир күндүк окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2107). 5 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзбөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон чыгарды |
Бүгүн, 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аманылло Иминовдун арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Жогорку К еңешинин депутатын каттоо” жөнүндөгү 2011-жылдын 29-июлунда кабыл алынган №60 токтомун жокко чыгарды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1946). 5 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина менен жолугушту |
Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина жана РФ БШК аппаратынын тышкы байланыштар Башкармалыгынын бөлүм башчысы Игорь Евланов менен жолугушту. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1924). 2 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоо органдарына кайрылуусу |
Шайлоо - бул мамлекеттик бийлик органдарын түзүү жана жарандардын эркин эрк билдирүүсү аркылуу шайланган кызмат адамына ыйгарым укуктарды берүү болуп саналат. Мамлекетти жана коомду мындан ары жаңылоо реформалар жүргүзүлүп жаткан мезгилде биз бийликтин оор жүгүн аркалоого жөндөмдүү элдик өкүлдөрдү табуунун жана тандоонун цивилдүү механизмдерин түзө алабызбы, ошого байланыштуу болот. Мында бир нерсени белгилей кетүү керек: ар кандай демократиялуу өлкөдө саясый күрөш цивилдүү формада, оппоненттердин укугун сыйлоо менен жүрүүгө тийиш деген кыйшаюусуз эреже иштейт. Кыргыз мамлекетин ким башкарат - муну акыр жыйынтыгында шайлоочулар гана чечет. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2120). 2 Сентября 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу |
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2277). 30 Августа 2011 г. |
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү иштери 2011-жылдын 23-сентябрында аяктайт |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо иштерин жүргүзүүдө. Аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) резервдерине талапкерлерди көрсөтүү иштери 2011-жылдын 23-сентябрында аяктайт. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2216). 30 Августа 2011 г. |
Кыргызстанга Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина иш сапар менен келишет |
2011-жылдын 30-августунда Кыргызстанга Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (РФ БШК) мүчөсү Елена Дубровина жана РФ БШК аппаратынын тышкы байланыштар Башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Игорь Евланов иш сапар менен келиши күтүлүүдө. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2157). 30 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу |
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1742). 29 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Мотуев өз арызын кайра чакыртып алуу тууралуу кайрылды |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн Мотуев Нурлан, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору өз арызын чакыртып алуу тууралуу кайрылды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2696). 29 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов 9-сентябрда парламентке Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты алып чыгат |
Бүгүн, 29-августта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берди. Бүгүнкү күндө шайлоо боюнча бардык нормативдик-укуктук актылар жарыяланып, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилди. Шайлоо процесстин финансылык маселелери дагы оң жака чечилүүдө, донорлордон дагы жардамдар түшүүдө. Маселен, Япон Өкмөтүнөн 350 миң АКШ долл. жардам көрөстүлөт. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2398). 29 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоо жыйынтыгы жөнүндө |
Аймактык шайлоо комиссиялардан түшкөн маалыматтарга ылайык, Сүлүктү шаарынын мэри болуп Бакибеков Шадыбек, Кызыл-Кия шаарынын - Халмурзаев Хабибула, Баткен шаарынын - Эрматов Сайдахмат, Каракол шаарынын - Калыгулов Рыскул, Талас шаарынын - Кушубеков Анарбек, Кара-Көл шаарынын - Еркеев Ильяз, Майлуу-Суу шаарынын - Бакалаев Рахатбек, Таш-Көмүр шаарынын - Кулдышев Мамидалы, Жалал-Абад шаарынын - Адылов Бакытбек, Исфана шаарынын - Салямов Хамза, Кара-Суу шаарынын - Рахимов Ахмаджан, Ноокат шаарынын - Тешебаев Махамадзахид, Көк-Жаңгак шаарынын - Сарибаев Казимжан шайланды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2572). 27 Августа 2011 г. |