Жаңылыктар |
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуп үйрөтө турган машыктыруучуларды даярдоодо |
2011 – жылдын 25 –августунда Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасындагы шайлоо – 2011 –жыл” деген аталышта Талас, Нарын, Чүй жана Ысык –Көл облустарынын машыктыруучулары үчүн тренинг өткөрдү. Машыктыруучу сапатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков чыгып сүйлөдү. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1486). 26 Августа 2011 г. |
2011-жылдын 27-августунда республиканын 17 шаарынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт |
2011-жылдын 27-августунда кызмат орундун бошогондугуна байланыштуу республиканын 25 шаарынын 17 шаарында мэрлерди шайлоо өткөрүлөт. Атап айтканда, областтык маанидеги төмөндөгү шаарлардын: Сүлүктү, Кызыл-Кия, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок, райондук маанидеги: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак мэрлерин шайлоо өткөрүлөт. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2178). 25 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди |
Бүгүн, 25-августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) кезектеги жыйынында Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алынды. Атап айтканда, 6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталды: “шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат”; 20-пункт - “шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”; 31-пункт - “тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын”; 33-пункт - “протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1759). 25 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык бирдиги 2001-жылдын 1-сентябрынан тартып киргизилет |
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторлордун кайрылууларына байланыштуу маалыматтар жарыяланып жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз. 2011 жылдын 30 июнундагы “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир аймактык шайлоо комиссиясында туруктуу системалык администратору болот. Алар шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмеси боюнча иш алып барышат, жаңыртышат жана такташат. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1395). 25 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы бир талапкер өз арызын кайра чакыртып алуу тууралуу кайрылды |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн 1975-ж.т. «Правозащитный центр им.Сергия Радонежского и Манаса Великодушного» ЖЧКнын башкы директору Трофимов Игорь өз арызын чакыртып алуу тууралуу кайрылды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1444). 25 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу |
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1479). 23 Августа 2011 г. |
БШКнын төрагасы Т.Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүн видеоконференцияда талкуулады |
Видеоконференцияда Ош, Нарын, Талас, Жалал- Абад облустарынын жана Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары аткарылган иш туурасында жана жакынкы келечектеги милдеттер туурасында айтып беришти жана токтоосуз чечүүнү талап кылган маселелерди ортого салышты. Алардын маалыматтары боюнча бүгүнкү күнгө участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү толук аяктаган. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2017). 22 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы бир талапкер өз арызын кайра чакыртып алды |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн 1974-жылы туулган, убактылуу иштебеген Токтоказиев Таалайбек өз талапкерлигин чакыртып алуу жөнүндө арыз менен кайрылды. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2033). 22 Августа 2011 г. |
Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү процесси аяктады |
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү процесси аяктады. Республика боюнча 2289 участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) түзүлүп, ишке киришти: |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2112). 22 Августа 2011 г. |
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдордун формалары бекитилди |
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун формаларын бекитти. Аталган протоколдор кыргыз жана орус тилдеринде атайын коргоосу бар барактарда чыгарылат. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1881). 22 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу президенттикке талапкерлерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузбоого чакырат |
Кыргыз Республикасынын кээ бир гезиттер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерликке көрсөтүү ниети жөнүндө арыз берген айрым талапкерлеринин үгүт матераилдарын жарыялап жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштери 2011-жылдын 25-сентябрында башталарын дагы бир жолу эскертебиз. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1407). 19 Августа 2011 г. |
КР Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топ катталды |
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 1, 2 – пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын жаңы редакциясынын кабыл алуу боюнча саны 62 адамдан турган демилгелүү топту жана 5 адамдан турган алардын ыйгарымдуу өкүлдөрүн каттады. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2389). 19 Августа 2011 г. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы бекитилди |
Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 9-октябрында өтө турган жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планын бекитти. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2217). 17 Августа 2011 г. |
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө 83 талапкер арыз беришти, алардын 67си – өзүн-өзү көрсөткөндөр |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011 жылдын 15 августунун саат 00.00 аяктады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 83 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 17ы саясий партиялардан, 66и өзүн- өзү көрсөткөндөр. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (2001). 16 Августа 2011 г. |
2011-жылынын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна эки талапкер өз арыздарын кайра чакыртып алышты |
2011-жылдын 16-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөндөр Виктор Виноградов, 1954-ж.т., «KGinform.com» маалыматтык порталдын башкы редактору жана Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т.,”МК Азия” газетасынын башкы редактору өз талапкерлигин чакыртып алуу жөнүндө арыз менен кайрылышты. |
Кеңири>> |
Карап чыгуулар: (1903). 16 Августа 2011 г. |