МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 15 талапкерден арыз түштү, алардын 10 өзүн-өзү көрсөткөндөр

2011-жылдын 20-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүлүү ниети жөнүндө арыздар менен төмөнкүлөр кайрылышкан: 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1718). 20 Июля 2011 г.

2011-жылдын 22-июлунда аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөрүлөт

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын эсине салабыз. 2011-жылдын 22-июлунда саат 14-00дө Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1934). 20 Июля 2011 г.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө киришти

Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышында, бүгүн 19 –июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер Курманбек Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Түгөлбай Казаков, Нурадил Касымов, Али Касымов, Кайрат Загибаев, Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Бекибай Мамытов, Исхак Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Лариса Старостина жана Таалайбек Галиев катталышты. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2054). 19 Июля 2011 г.

Кыргызстан коммунисттеринин партиясы КР Президентинин кызматына өз лидери И. А. Масалиевди көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин тизмеси дагы бир талапкердин ысмы менен толукталды – 2011 –жылдын 19 –июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына Кыргызстандын коммунисттеринин партиясынан талапкер көрсөтүлгөндүгү туурасында протокол келип түштү. Партия Президенттин кызматына Борбордук Комитеттин төрагасы, 1960 –жылы туулган Исхак Масалиевди көрсөттү. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2397). 19 Июля 2011 г.

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дагы 2 талапкерден арыз түштү

2011 –жылдын 18 – июль күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу ниеттерин билдирген арыз менен өзүн өзү көрсөткөн эки адам кайрылышты.Алар:

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2029). 18 Июля 2011 г.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 партиядан протокол жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн 2 арыз келип түштү

2011-жылдын 16-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргшыз Республикасынын Президентини кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 саясый партиядан протокол келип түштү. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди жана “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүштү. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1424). 17 Июля 2011 г.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2032). 17 Июля 2011 г.

КР Боршайкомуна аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 22 саясый партиядан арыз түштү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын курамына  өз талапкерлерин көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерин 22 саясый партиялар тапшырышты. Бул сан дагы өзгөрүшү ыктымал, анткени Боршайкомго жергиликтүү кеңештерден да маалыматтар түшүүдө, саясый партиялар ал жакка көрсөтүлүп жаткан башка субъектилер менен катар өзүлөрүнүн талапкерлеринин да тизмесин берүүгө укуктуу.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1586). 17 Июля 2011 г.

КР Боршайлоокомдун алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлдү

Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Абдылдаевдин (“Эл үчүн” партиясы) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Самаркүл Бейшеналиеваны жана Рахатбү Иманбекованы катоо жөнүндө КР БШКнын токтому кабыл алынды.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2397). 16 Июля 2011 г.

КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1549). 15 Июля 2011 г.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн, 14-июлда Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кыргызстандагы ЕККУ, ЕС, ПРООН, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдардын, эл аралык өнүгүүнүн Жапон агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фонддун өкүлдөрү катышышты. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2315). 14 Июля 2011 г.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн бекитти

Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук щайлоо комиссиясынын бүгүн 14-июлда өткөн кезектеги жыйынында КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн 499 млн. 438 600 сом өлчөмүндө бекитишти.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1611). 14 Июля 2011 г.

Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн керектүү документтерди берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө

Жергиликтүү кеңештердин көңүлүнө!

 Азыркы учурда бүтүндөй республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн көрсөтүү процесси жүрүп жатат.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (1930). 13 Июля 2011 г.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бүгүнкү өткөн жыйынында комиссиянын мүчөлөрү “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган КР БШКнын Регламентин бекитишти.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2159). 13 Июля 2011 г.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппарат жетекчилигине Султанов М.С. дайындалды

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимовдун 2011-жылдын 12-июлдагы буйругу менен 1966-жылы туулган Султанов Марат Сейтбаевич КР БШКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызмат 2010-жылдан бош турган.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (2461). 13 Июля 2011 г.
Беттер: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70 71 72 73 74 75 76 77 78 79 80 81 82 83 84 85 86 87 88 89 90 91 92 93 94 95 96 97 98 99 100 101